kol saluu
tecavüz, saldın, suikast
вторжениенападатьнападение (вторжение)
1. Уурдоо, бүлдүрүү, бирөөнүн же көпчүлүктүн мүлкүн законсуз өзүнө ыйгарып алуу, уруксатсыз менчиктеп алуу. Ачкадан өлсөм өлөм, бирок бирөөнүн ак эмгегине кол салбаймын (Байтемиров). Менин малыма кол салып, семиздеп сойгонду ким коюптур аларга (Бейшеналиев). Ортоктун малына кол салып, мен жинди болуптурмунбу? (Бейшеналиев). 2. Бирөөгө тийишүү, колу тийүү, уруу. Тоймат хулиганды карыдан алып, бой тирише кеткен ага атына жетип кол салды (Өмүрбаев). Шымаланган жигиттер ыкыс берип, Зуураканга кол салганы араң турушат (Сыдыкбеков). 3. Согуш ачуу, уруш баштоо, басып кирүү. Атаман Дутовдун армиясы Кокон, Маргалаңга кол салат экен деген айың тарады (Сасыкбаев). Башчыңа колум саламын бурут, Малыңды талап аламын бурут («Манас»). 4. Тиш салуу. Ач карышкыр кишиге тиш салат.
1. Уурдоо, бүлдүрүү, бирөөнүн же көпчүлүктүн мүлкүн мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алуу, уруксатсыз менчиктеп алуу. Ачкадан өлсөм өлөм, бирок бирөөнүн ак эмгегине кол салбаймын (Байтемиров). Менин малыма кол салып, семиздеп сойгонду ким коюптур аларга (Бейшеналиев). Ортоктун малына кол салып, мен жинди болуптурмунбу? (Бейшеналиев). 2. Бирөөгө тийишүү, колу тийүү, уруу. Тоймат хулиганды карыдан алып, бой тиреше кеткен ага артынан жетип кол салды (Өмүрбаев). Шымаланган жигиттер ыкыс берип, Зуураканга кол салганы араң турушат (Сыдыкбеков). 3. Согуш ачуу, уруш баштоо, басып кирүү. Камап турган бул жоого качырып кол салабыз (Турусбеков). Атаман Дутовдун армиясы Кокон, Маргалаңга кол салат экен деген айың тарады (Сасыкбаев). Башчыңа колум саламын бурут, Малыңды талап аламын бурут («Манас»). В.: Тиш салуу. Ач карышкыр кишиге тиш салат.